БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Жайыл районунда Степное айылынын экинчи чакырымында "Фольксваген-Вента" унаасы жол кырсыгына кабылып, 41 жаштагы айдоочу Рустам Иманалиев каза болгонун ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кетип, даракты сүзүп алган.
Кырсык болгон жерге келген куткаруучулар Иманалиевдин кыпчылып калган денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.