БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин сөөгүн жерге берүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирет.
Мамлекет башчысынын буйругуна ылайык, уюштуруу комитетин премьер-министр Темир Сариев жетектейт.
Комитетке сөөк коюуну жана жарандык коштошуу ырасымын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү тапшырылды.
Кыргыз эл баатыры Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрында өтөт.