"Чыгыш-Батыш стратегиясы" аналитикалык борборунун башкы директору Дмитрий Орлов республикада америкалык дипмиссияны Шейла Гуолтниден мурун башкаргандардын баарынын иштери туурасында эскерди.
1-бөлүм. Адам аласы ичинде, мал аласы тышында (1992-2003)
Кыргызстан көз карандысыздык жарыялаган күндөн канчалык көп убакыт өткөн сайын, АКШ башынан эле республиканы өзүнчө бир таяныч база катары пайдаланганы ошончолук айкын болууда. Алар бул жакта туруп, өзүнүн "сыртта пайдалануу үчүн демократиясын" бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүнө жайылтууну көздөгөн болчу. Америкалыктар дүйнөнүн бир да башка жеринде Кыргызстандагыдай активдүү болушкан эмес, өлкөнү "демократия аралы" деп да дал ошол америкалыктар атаган. Жана америкалык элчиликке өз миссиясын аткарууда өзгөчө роль берилген…
Эдвард Гурвиц
Ал мезгил эмнеси менен эсте калды? Гурвицтин убагында бизде АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) активдүү иштей баштаган. Үстүбүздөгү жылдын 20-августунда денонсацияланган өкмөттөр аралык келишимге да Гурвиц иштеп турганда — 1993-жылы май айында кол коюлган. Ал Акаевге Ишеним грамотасын тапшырган күндүн эртеси эле Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк банктын Тобуна кошулуп, андан кийин республикага жардам деген шылтоо менен кредиттер жана гранттар келе баштаган. Сорос фонду да, республикада эки жылдан кийин гана расмий катталганына карабай, Кыргызстанда өз ишин Гурвицтин убагында, 1993-жылы башталган. Акыры, Гурвиц элчи болуп турганда республикада көкөйгө тийгенчелик эсте калган PESAC прогаммасы ишке кирген. Аны да ошол эле Бүткүл дүйнөлүк банк каржылаган эле. Программанын буркан-шаркан түшкөн кызуу иши үч эле жылга созулганына карабай, анын жыйынтыгында Кыргызстан өзүнүн болгон өнөр жайынан куру жалак калды. Гурвицтин учурунда Кыргыз улуттук университетинде КАФ — Кыргыз-америкалык бизнес, укук жана гуманитардык илимдер факультети ачылган.
Дегинкиси, ал жылдары АКШнын Мамлекеттик департаменти аябай активдүү иш-аракеттерди жүргүзгөн, буга Кыргызстандын коомдук пикири тараптан эч бир уюшулган каршылык болбогону да шарт түзгөн. Алгачкы элчи Гурвиц да өзүнүн Вашингтондогу чоңдорунун программаларын ишке ашыруучу катары оңой роль ойногон жок. Ал кезде Штаттар Кыргызстандын саясий элитасынын мээримдүү мамилесине ишенишкен. Деги эле, анда көпчүлүк элге АКШ Кыргызстанда "өзүлөрүнүкүндөй" демократиялык коом куруп берчүдөй сезилген болчу. Америкалыктарга карата наарзылыктын баары кийин пайда болот…
Айлин Мэллой
"Чыгыш кылдаттыкты талап кылат. Кыргыз бийлигинин жүзү өз көз менен" деген китебинде Кыргызстандын Москвадагы соода-экономика боюнча мурдагы өкүлү Касым Исаев мындай деп эскерет:
"Бир жолу премьер-министр АКШнын элчиси Айлин Мэллойду кабыл алды (мени да чакырган эле). Ал Жумагуловго конкреттүү суроолорду коё баштады. Министр болсо дароо эле мени көрсөтүп, мына, бул киши баарын жазып алат, анан чогуу чечишип алып, сизге кабарлайбыз деп калды. Кайра мага карап айтканы: "Сиз эртеңден калбай мага билдиресиз!" Элчи АКШ Кыргызстанга буудай жагынан гуманитардык жардам көрөтүп жатканын айтып, аны биз макулдашылган жеңил баада сатып, түшкөн акчаны тийиштүү эсепке топтоп турушубуз керек деди. Ал эми америкалыктар ал акчаны кайда жумшоону чечиши үчүн биз иштин жүрүшү боюнча аларга маалымат берип турушубуз керек экен.
"Биздин маалыматтарга ылайык, силер буудайды таратып, бирок ал үчүн акчаны толук чогулткан жериңер жок", — деп нааразыланды Мэллой".
Бул сөздөргө караганда, 90-жылдары чиновниктер "гуманитарканы" талап-тоноп чыгып, базарга сатып жатат деп эл бекер эле нааразы болгон экен — баары тең АКШнын айтканы менен жүргөн тура.
Ошондой эле дал ошол Мэллойдун убагында Кыргызстандын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кириши жөнүндө сүйлөшүүлөр башталган. Мэллой 1997-жылы 11-апрелде баалуу кагаздар рыногунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга катышкан. Келишимдин шарттарынын бири болгон Борбордук депозитарий түзүү да кийинчерээк аткарылган.
Энн Мэри Зигмунд
Зигмунддун учурунда — 1997-жылы 12-ноябрда — жогоруда кеп кылынган КАФ Кыргызстандагы Америка университетине айланган. Анын негиздөөчүлөрүнүн бири Камила Шаршекеева мындай деп эскерген: "Университетти түзүп өнүктүрүүдө Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана анын администрациясы, АКШнын мурдагы вице-президенти Альберт Гор жана анын офиси, АКШнын мурдагы биринчи айымы Хиллари Клинтон, АКШнын Кыргызстандагы мурдагы элчилери Айлин Мэллой, Энн Зигмунд жана айрыкча, Жон О’Киф (ал жөнүндө кийинчерээк кеп болот — авт.), меценат Жорж Сорос жана ата мекендик ишкерлер: маркум Каныбек Тажиев, менин бир туугандарым Марат, Кубат жана Турат Шаршекеевдер, Шамил Атаханов, Болот Аргынов жана башкалар чоң салым кошкон. Ошондой эле мурдагы СССРдин борбордук окуу жайларынын бир катар мыкты бүтүрүүчөрү да көмөк көрсөткөн".
Ошол кездеги мамлекетчил журналисттер белгилүү: "Душманыңды жеңгиң келсе, анын баласын тарбияла" деген сөздү көп кайталашканы эске келет. Бирок, ал кезде Америка душман эсептелген эмес: АКШ анчалык андай деле боорукер,кайрымдуу эместиги жөнүндө ачылыштар китеп жана дилбаян түрүндө кийинчерээк пайда болот. Зигмунддун тушунда Кыргызстанда "Улуттук демократиялык институт" деп аталган эл аралык бейөкмөт уюму өз ишин баштаган жана республика Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынган.
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы генерал-майор Алик Орозов журналисттерге бир окуя жөнүндө айтып берген:
Көңүлгө ала турганы, дал ошол Зигмунд элчи болуп турганда америкалыктар Кыргызстандын түштүгүндө катуу активдешип, ал эми өлкөнүн саясий мейкиндигине "түндүк менен түштүктүн тирешүүсү" деген тезис ташталган. Бул эки жагдайды өз ара байланыштыруунун кереги деле жок чыгар (кокустан дал келип калуулар боло берет да), бирок анык саясатта эч нерсени четке кагууга болбойт…
Жон О'Киф
О'Киф эмнеси менен эсте калды? Журналисттер: "2002-жылы 6-ноябрда АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин жардамчысы — Лоран Крейнер Улуттук коопсуздук кеңешинин СИЗОсунда жаткан Феликс Кулов менен жолугуп, алардын маеги узакка созулду. Жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Жон О'Киф да катышты" деп жазышкан. Дал ошол О'Кифтин убагында АКШнын "адам укуктарын" сактоо боюнча Кыргызстанга карата нааразылыктары пайда болгон. Баса, ошол эле журналисттер: "Америка Борбордук Азияда өзүнүн ишин улантат, ал эми анын аймакка болгон геосаясий кызыкчылыгы жана буга байланыштуу Россия менен атаандашуусу дагы күчөп гана отурат деп болжоого болот. Демек, Кыргызстандын болочоктогу президенти алардын кишиси болушуна АКШ абдан кызыгат" деп жазышкан.
Ошентип, биз көрүп тургандай, Америка Кошмо Штаттары башынан эле ар кандай жагдайдардын үстүндө кийин аларды өз максаттары үчүн мүмкүн болушунча пайдалана алгыдай иш алып барып, кийин болсо өз тарабына жактоочуларды тартып келишкен. Жактоочуларды болсо алар бийлик чөйрөсүнөн тартып "системасыз оппозиция" деп аталчуларга чейин бардык жерден табышкан.
Уландысы бар…