БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунун Лебединовка жана Восток айылдарынын ортосундагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, табылган адам болжол менен 35-40 жаш куракта.
Куткаруучулар жансыз денени суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өлгөн адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.