БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында кыз-келиндер арасында Куран окуу боюнча жарыш өтө турганын "Мутакалим" коомунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак биринчи жолу 2014-жылы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө эки кишилик ажылык сапарга жолдомо ыйгарылган.
Учурда республикалык деңгээлде өтө турган сынакка акыркы даярдыктар жүрүп жатат.
Куран окуу жарышы "Дамас" мейманканасынын жыйындар залында эртең мененки саат 9.00дө башталат.