БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Сузактын Ачы жана Барпы айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышып, бирөөсүндө ачык сабак өттү.
Ачыдагы мектеп бийик тоолуу аймакта жайгашып, республикалык бюджеттин эсебинен курулган. Ал эми Барпы айылындагы билим берүү жайын жергиликтүү бийлик ашар жолу менен тургузган.
Сарпашев 11-класска ачык сабак өтүп, Кыргызстандын Борбор Азиядагы ролу туурасында айтып берди.