00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
40 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Как улучшение породы скота помогает фермерам зарабатывать больше
08:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Тема дня
Что изменится в правилах изъятия земель и какие права получат собственники - объясняет юрист
10:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
12 жылдык билим берүү системасы - окуу китептерин басуу иши кандай жүрүүдө?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Туризмди өнүктүрүү фонду кандай ири долбоорлорду ишке ашырууда — тоо-лыжа кластери, иневстициянын агымы, майс-туризм
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Узак жашоонун сыры — узак жана дени сак жашоо үчүн эмне кылуу керек?
17:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
"Аман" — миграциянын жашоого таасири жана үй-бүлөнүн мааниси
19:06
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Аркар жана тоо текелерине көз салуу — көз карандысыз эл аралык мониторингдин мааниси
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Серепчилер: "Ислам мамлекетинин" акча чыгарышы – мамлекетти "расмийлештирүү" аракети

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСерепчилер: "Ислам мамлекети" акча чыгарышы – мамлекетти "расмийлештирүү" аракети
Серепчилер: Ислам мамлекети акча чыгарышы – мамлекетти расмийлештирүү аракети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" радикалдык тобу өз валютасын түзүүгө жасап жаткан далалаты баштапкы мезгилде гана ийгиликтүү болушу мүмкүн, бирок дегинкиси бул башынан эле ишке ашпай турган ой деп эсептешет серепчилер.

Бишкек, 31-авг. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобунун өз акчасын чыгаруу аракети анын мамлекеттүүлүгүн "расмийлештирүү" аракети болуп эсептелип, бирок экономикалык жактан мындай чара ийгиликке алып келбей турганын РИА Новости тарабынан сурамжылоого алынган эксперттер билдирди.

"Ислам мамлекети" жакынкы күндөрү Ирактын Мосул шаарында бардык чет элдик акчаларды жүгүртүүдөн алып салып, өзүнүн жеке акчасы — алтын динарды киргизерин билдирди. Топтун айтымында, жакынтан баштап согушкерлер шаарда ачкан банктардын төрт бөлүмүндө гана акча алтын динарга алмашылып жана берилет. Акча алмаштыруу жайларынын ээлери билдиргендей, согушкерлер жекшемби күнү Мосулдун бардык акча алмаштыруучу жайларынан чет элдик валюталарды тартып ала баштады. 

Алтын динарды "Ислам мамлекети" бүтүндөй Нейнава провинциясы боюнча сентябрдан баштап киргизүүнү даярдап жатат. Экстремисттик топ ирактыктарды мындан ары эсептешүүлөрдө ирак динарын колдонбоолору керектигин эскертти. ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, бир алтын динардын баасы 139 долларга барабар болот.

Келечекти көздөгөн пиар-аракет

Ислам мамлекети экстремисттик уюмдун согушчаны. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ислам мамлекети " Сириянын Мари шаарына кол салууда химиялык курал колдонду
Россия илимдер академиясынын Эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн өкүлү Владимир Сотников РИА Новости агенттигине билдиргендей, "Ислам мамлекети" өз акчасын чыгара турганы жөнүндө маалымат көптөн бери айтылып жүрөт. Ошентсе да, Мосулда айтылган билдирүүлөрүнө караганда, аталган уюмдун лидерлери жалган ислам мамлекетин анык мамлекет катары чындап расмийлештирүү аракетин көрүп жатат. 

Бирок, эксперттин сөзү боюнча, аны өз валютасын киргизген күндө да толук кандуу мамлекет деп атоого болбойт, себеби ал бүтүн эмес, ар кайсы жердеги чачыранды аймактарга ээ.

"Географиялык жактан алганда, "Ислам мамлекети" деген жок. Ошондуктан, бул алардын ниети олуттуу экендигин, чынында эле Ислам мамлекети деп же башкача атала турган халифатты түзүүнү көздөп жаткандыктарын көрсөтүүгө жасаган аракети болуп эсептелет. Бул бир жагынан пиар-акция болсо, экинчи жагынан, алардын чыныгы ниетин көрсөтүп турат", — деди Сотников.

Анын пикиринде, өз валютасын чыгаруу — "кайсы бир жол менен "Ислам мамлекетин" анык мамлекет катары алдын ала расмийлештирүү аракети". Бирок бүгүнкү күндө ал ийгиликке жетпейт, себеби ИМ өз валютасын алтындын стандартына "тушагысы" келип жатат, бул болсо алтындын корун талап кылат. 

"Алтын стартына кайтуу аракети көп чыгымды талап кылат. Уурдалган мунайды жең учунан сатуудан жана талап-тоноодон түшкөн каражат да согушкерлердин карамагындагы аймактарда алтын динарды жүгүртүүгө жетпейт", — деди Сотников.

Баштапкы мезгилде ишке ашуусу мүмкүн

Ал эми Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер инситутунун салыштырмалуу саясат таануу кафедрасынын профессору Виктор Сергеев "Ислам мамлекети" азыркы ээлеп турган аймактардын чегинде алтын стандартка негизделген валюталык системаны кура алат деген ойдо.

"Бул накта алтындын жүгүртүүсү эмес, алтын кору менен кепилделген кагаз акча болот. Азыр ички соода анча чоң эместигин эске алганда, чыгарылган акчаны камсыз кылууга зарыл алтындын кору да анча көп болбойт. Баштапкы мезгилде бул ишке ашуусу мүмкүн", — деп белгиледи ал.

Эгер аталган топ Түштүк-Чыгыш Азияны Пиреней тоо кыркаларына чейин басып алуу планын ишке ашыра турган болсо, анда алтынга байланган валютасын колдоп тура албайт деп кошумчалады эксперт.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу былтыркы жайдын башында Ирактын түндүгүндөгү олуттуу жерлерди басып алган. Азыр ал бул өлкөнүн аймагынын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде түндүгүндөгү эң ири шаар – Мосулду көзөмөлдөп турат. Ирактын мамлекеттик аскерлери учурда Найнавага коңшулаш Анбар провинциясын бошотуу аракеттерин көрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0