БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту пара алып жаткан маалында кармалган Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев жана анын орун басарын эки айга камакка, ал эми прокурордун жардамчысын үй камагына алуу чечимин кабыл алганын УКМК билдирет.
Маалыматка ылайык, Мамакеев, орун басары жана жардамчысы эки миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышкан. Алардын үстүнөн жазылган арыз боюнча аталган прокуратура кызматкерлери Көк-Жар айылында курулган имараттарды түрттүрүү опузасы менен жарандан 20 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылып, алты миң долларын буга чейин алышкан.
Мамакеевге жана прокуратуранын даыг эки кызматкерине Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген..
Учурда тергөө иштери улантылууда.