00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж
23:05
50 мин
On air
23:58
1 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Балыкчы шаарында командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү-2024", "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын окуу-машыгуулары башталды.Иш-чаранын алдында коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ЖККУнун баш катчысынын орун басары Талаатбек Масадыков, ошондой эле ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбар коюшту. Машыгуунун сценарийи боюнча аскерлер Борбордук Азия аймагында куралдуу жаңжалды басуу үчүн биргелешкен операцияны өткөрүшөт. Машыгуу үч этапта жүргүзүлөт. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен. Окуу-машыгууларга ЖККУ мамлекеттеринен 1500дөн ашык аскер кызматкери катышат. Анын жүрүшүнө 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемелери тартылган.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилигинде, президенттик администрацияда Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө маанилүү датанын урматына өткөрүлө турган мааракелик иш-чараларды, илимий конференцияларды жана тематикалык көргөзмөлөрдү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы каралды. “Улуттук илимдер академиясы өзүнүн 70 жылдык тарыхында өлкөбүздүн илим, техника жана билим берүүнүн өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошту”, — деди Эдил Байсалов. Улуттук илимдер академиясынын 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар 2024-жылдын октябрь айында өткөрүлөт.
Ысык-Ата шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башкы дарыгери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ билдирди. Милиция башкы дарыгерге карата НОво-Покровка айылындагы кафелердин бирин ижарага алып иштеткен адамдан арыз түшкөнүн билдирди. Ишкер аны “кафени текшеребиз, айына 10 миң сомдон төлөйсүң” деп коркутуп жатышканын билдирген. Факты боюнча "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча иш козголду. Башкы дарыгер менен айдоочусу пара алып жаткан жеринен кармалган. Дарыгер убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эгерде АКШ президенти кайрадан Дональд Трамп болуп калса Евробиримдиктин өлкөлөрү Украинаны Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө бир топ жеңилдиктерге барууга мажбурлашы мүмкүн. Мындай пикирин европалык эксперттер Foreign Affairs журналына билдиргенин РИА Новости жазды. Эл аралык мамилелер мектебинин башчысы Филлипс О'Брайендин жана Улуу Британиянын аскердик абадан коргонуу күчтөрүнүн отставкадагы маршалы Эдвард Стрингердин пикиринде, Европа өлкөлөрү Россияга каршы киргизилген чектөөлөрдөн жана Киевге колдоо көрсөтүүдөн улам олуттуу экономикалык көйгөйлөргө тушугушат. Мындай кесепеттер өкмөттөрүн калк арасындагы нааразычылыктарды эске алууга мажбурлап, түрдүү басымдарды жаратышы мүмкүн. Эксперттер Европада Украинаны колдоо улантылып келгени менен барган сайын анда тынчтыкты жөнгө салып, чыңалууларды азайтууга чакырыктар күчөп жатканын кошумчалашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0