УКМК: Аламүдүн районунун прокурору пара менен кармалды

Жазылуу
Талап кылынган акчанын алты миң доллары буга чейин прокурордун жардамчысы аркылуу алынганын иликтөө иштери аныктады.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Аламүдүн районунун прокурору, орун басары жана жардамчысы эки миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалышканын УКМК Коррупцяга каршы кызматы билдирет.

Буга чейин прокурор Кубанычбек Мамакеевдин кармалганы тууралуу айтылган.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аламүдүн районунун прокурору кармалды
Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында курулган имараттарды түрттүрүү опузасы менен аталган райондун прокуратура кызматкерлери 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жаткандыктары тууралуу арыз түшкөн.

Талап кылынган акчанын алты миң доллары буга чейин прокурордун жардамчысы аркылуу алынганын иликтөө иштери аныктады.

Үстүбүздөгү жылдын 25-августунда Аламүдүн районунун прокурору, орун басары жана жардамчысы эки миң доллар пара алып жатканда колго түшүрүлгөн. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренесинин (Пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0