00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
50 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:58
1 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стимул
Өмүр сактоо менин кесибим – куткаруучу Теңизбек Масылбеков менен маек
19:11
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Особый акцент
Обязан ли нотариус найти всех наследников — советы юриста
20:05
49 мин
Ачык кеп
VI Кыргыз-Россия экономикалык форумунан репортаж
23:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Жарым жылда Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумуштарынын 80 пайыздан ашыгы бүттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. "№1 гидроагрегаты ишке киргенден кийин Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү дагы 25-30 жылга узарып, күз-кыш мезгилине калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздаганга өбөлгө түзүлүп, кубаттуулугуна кошумча дагы 60 мегаватт кошулат", — деп жазылат маалыматта. Эскерте кетсек, ГЭСти оңдоп-түзөө иштери мартта башталган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын Астанага узатты.Аталган спорттук-маданий иш-чара 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтөт.Министрлер кабинетинин төрагасы курама команданын капитаны балбан Бактияр Мирлан уулуна мамлекеттик тууну тапшырып, спортчуларга ийгилик каалады.
Кыргызстан үчүнчү өлкөлөргө малдын экспортун убактылуу токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, чектөө электрондук системада малдын идентификациясын иретке келтирүүгө байланыштуу киргизилип жатат. "Үчүнчү өлкөлөргө ири мүйүздүү мал, майда жандык жана жылкы экспортоого уруксат берүү убактылуу токтотулду. Бул чара малдын так эсебин аныктоо, ветеринардык жана санитардык нормалардын сакталышын күчөтүүгө багытталган. Мындай кадам ички рынокто жана эл аралык өнөктөштөргө көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.Инвентаризация 15-20 күнгө созулуп, ушул мезгилде берилген арыздар инвентаризация бүткөн соң артыкчылыктуу тартипте каралары кошумчаланды.
Жыл башынан бери "балага сүйүнчү" бир жолку төлөнчү жөлөк пул 96 934 балага берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, ушул жылдын сегиз айында министрлик мындай максатка 388 миллион 977 миң сом жумшаган.Мекеме бөбөк төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмдүн өлчөмү 4000 сомду түзөрүн эскертти. Ал эми бир мезгилде бир үй-бүлөдө үч же андан көп бала төрөлсө ар бир балага 50 000 сомдон берилет."Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн калкты тейлөө борборлоруна же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуу керек. Арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы кажет. Акча каражаты арыз берилген күндөн эки иш күндүн ичинде банктык эсепке түшөт. Жаран акча каражатын РСК жана "Айыл банктын" каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу зарыл", — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Америкалык ишкер Илон Маск Евробиримдик демографиялык кризиске кептелет деген пикирде. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Бизнесмен мындай оюн Евробиримдик аймагында төрөлүүнүн саны кыскарып, 1960-жылдан берки рекорддук чекке жетти деген Х соцтармагындагы материалга комментарий жазып жатып калтырган. "Баланын төрөлүшү барган сайын азаюуда. Калктын саны кыскарат, мындан кыйгап өтүү мүмкүн эмес", — деген миллиардер. Маск буга чейин эгер демографиялык абалды жакшыртуу боюнча кескин чаралар көрүлбөсө көптөгөн мамлекеттер жок болуп кетерин билдирген эле. Ал эми Франциянын Статистика жана экономикалык изилдөөлөр улуттук институту өлкөдө баланын төрөлүүсү улам азайып, 2024-жылдын антирекордун жаңылаганы тууралуу отчет жарыялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0