БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы "Маловодное" көмөкчордонунан тараган электр зымдары оңдоло тургандыктан Маловодное жана Кара-Сакал айылдарында бүгүн эртең мененки саат тогуздан кечки саат бешке чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүклектро" ишканасынан билдиришти.
Мекеме келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кардарлардан кечирим сурайт.