БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстанга июнда бөлгөн кредиттин эсебинен 26 мектеп салып койсо болмок.
Каржы министрлигинин отчетунда, бир ай ичинде эле Кытайдын экспорт-импорт банкынан 10,7 миллион доллар которулгандыгы маалымдалат.
Анда июнь айында Кыргызстандын тышкы карызы 27,7 миллион долларга көбөйгөндүгү айтылат. Бул акчага 69 мектеп, 172 бала бакча куруп же эң кымбат деген БМВ үлгүсүндөгү 861 автоунаа сатып алууга болот эле.
Аны менен бирге эле Дүйнөлүк Банкка карызыбыз 7,5 миллион, Азиялык өнүгүү банкына 5,4 миллион, Японияга 2,4 миллионго өскөн.
Июндун соңундагы маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү 3,6 миллиард долларды түздү. Жалпысынан алганда, ички карыз 202 миллион, тышкы карыз 3,4 миллиарды көрсөттү. Кыргызстандын азыркы эң көлөмдүү кредитору Кытай болуп турат.