БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кезектеги съездин өткөргөн "Мекен ынтымагы" саясий партиясы шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин тизмесин бекитти.
Ага ылайык, тизменин сап башында төмөнкүдөй экс-чиновниктер жана ишкерлер турат:
- Темирбек Асанбеков, партия лидери, ишкер, Россиядагы мигранттар менен иш алып барат;
- Ачахан Тургунбаева;
- Шейшенбек Байзаков, МЖАК мурунку жетекчиси;
- Талант Магамбетов;
- Элмира Турусбекова;
- Мира Жангарачева — мурунку вице-премьер-министр;
- Абдимавлян Абдезов;
- Ибраим Балтабаев — жеке ишкер;
- Турсунбек Күрөңкеев;
- Замира Ибраимова.
Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясына расмий түрдө "Ата Мекен" жана "Бир Бол" партиялары өз тизмелерин тапшырды.