БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Балыкчы шаарында РАФ үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп, анын натыйжасында ичиндеги 27 жашар Суранчиев аттуу жүргүнчүнүн колу, мойну күйүп калганын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, кырсык электр жабдууларын пайдалануудагы эрежелердин сакталбашынан улам келип чыккан. Унаа Орозалиев аттуу жаранга таандык экени аныкталды.
1-П даражадагы күйүк алган жүргүнчү Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген.