"Кыргызстандын" биринчи ондугунда үч ишкер жана үч депутат турат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКанатбек Исаев – Токмоктун экс-мэри, Чүй облусунун экс-губернатору, "Республика" партиясынан ЖК V чакырылышынын депутаты. Архив
Канатбек Исаев – Токмоктун экс-мэри, Чүй облусунун экс-губернатору, Республика партиясынан ЖК V чакырылышынын депутаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган партиянын тизмесин "Ак Жол", "Республика" жана "Ата Журт" партияларынын депутаттары түздү.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. "Кыргызстан" партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин Канат Исаев баштады. Тийиштүү чечим партиянын шейшеби күнү өткөн IV съездинде белгилүү болду.

"Кыргызстан" партиясынын тизмесинин алдыңкы ондугуна төмөнкүлөр кирген:

 

  1. Канатбек Исаев, Токмоктун экс-мэри, Чүй облусунун экс-губернатору, "Республика" партиясынан ЖК V чакырылышынын депутаты;
  2. Азиз Турсунбаев, IV чакырылыштагы ЖК "Ак Жол" партиясынан депутат, вице-спикер, "Бир Бол" партиясынын курамында турган;
  3. Нурбек Алимбеков, "Республика" партиясынан депутат, Бишкек шаардык кеңештин экс-депутаты, КРдин Волейбол боюнча федерациясынын президенти;
  4. Чолпон Султанбекова, "Республика" партиясынан депутат, 2009-жылы атып өлтүрүлгөн депутат Баяман Эркинбаевдин жубайы;
  5. Жыргалбек Калмаматов, ишкер;
  6. Эркин Тентишев, "Союз ССР" партиясын жетектеген,  КРдин Пакистандагы башкы консулу;
  7. Дастан Жумабеков, "Ата-Журт" партиясынан депутат, фракция жетекчиси;
  8. Гүлмира Орозалиева;
  9. Урман Ишенбеков, ишкер;
  10. Тынчтык Конушбаев, жеке ишкер, "Байтур" корпорациясынын ээси.

"Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 170 талапкер катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0