БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстан эки жыл ичинде тышкы чек аралардагы текшерип-өткөрүү пунктарынын баарын жаңылап жабдууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов билдирди.
"Кытай менен чектешкен жердеги эки текшерип-өткөрүү пункту, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактагы үч көзөмөл пункту жаңыртып жабдылды. Ошондой эле "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда эки пункт жаңыртылды", — деди Сулайманов.
Кыргыз-казак чек арасындагы текшерип-өткөрүү пункттарын кошпогондо, Кыргызстандын чек арааларында бардыгы болуп 15 текшерип-өткөрүү пункту бар.
Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажылык текшерүү пункту алып салынды. Аны ачууга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телекөпүрө аркылуу күбө болду.