БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында пляж волейболу боюнча өткөн Кыргызстандын биринчи чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды деп Волейбол федерациясы билдирди.
Эркектер арасында 14 команда ат салышты. Бишкектин "Сольвейг спорт-2" командасы "Салам-Алик" командасын утуп жеңүүчү аталды.
Ал эми аялдар арасындагы мелдеште Бишкектин командалары бардык байгелүү орундарды ээледи. Биринчиликти "Салам-Алик", экинчи орунду "Дордой-Намыс" жана үчүнчү орунду "Дордой-Намыс-4" алды.
Жалпысынан мелдешке 22 команда катышкан.