БИШКЕК, 11-авг — Sputnik. Кыргызстандын жаш футболчулары өзбекстандык курбуларын жеңип алышты деп билдирди КРдин Футбол федерациясынан.
Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Азирет Момошев, Гүлжигит Алыкулов жана Эмир Шыгайбаев намыска жарап, эсепти 3:1 деп жыйынтыктады.
Өспүрүмдөр Кытайдын Вейнянь шаарында Азия чемпионатына даярдык көрүп, машыгуудан өтүп жүрүшөт. Чемпионатта Кыргызстандын курама командасынын атаандаштары Оман, Иордания жана Непалдын жаш футболчулары болмокчу.