БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Түндө Бишкек шаарынын Ден Сяопин көчөсүндө кетип бараткан "Субару-Форестер" эки автонунааны сүзүп, натыйжада айдоочунун жанында бараткан бир киши көз жумган.
27 жаштагы айдоочу башкарып бараткан "Субару-Форестер" жолдо токтоп турган жеңил автоунаны күү менен келип сүзүп, маңдайында келе жаткан дагы бир унаага урунган.
"Жол кырсыгынын кесепетинен "Субару-Форестердин" айдоочусунун жанында отурган жүргүнчү көз жуумп, калган беш киши ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилди", — деп билдирди Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын маалымат кызматы.
Учурда кырсыктын себеби такталып, иликтөө иштери башталды.