БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Россиянын Альпинизм боюнча федерациясы Кыргызстандын Каравшин аймагында өткөн өзүнүн чемпионатынын жыйынтыгын чыгарды.
Чемпионат экинчи жыл катары менен Баткендеги Каравшин капчыгайында өттү. Мелдеш 15-июлда башталып, 2-августта аяктады.
Федерациянын расмий сайтында маалымдалгандай, чемпионатта эркектер арасында биринчи орунду Иркутсктан келген спортчулар – Александр Клепиков, Игорь Лихоносов жана Станислав Лазарев ээледи.
Экинчи орунду Санкт-Петербургдан келген Константин Воробьев, Антон Барабашов жана Анатолий Петров алышты.
Ал эми Новосибирсктен келген Дмитрий Бабий, Иван Бараусов жана Александр Парфенов үчүнчү болушту.
Чемпионатка бардыгы болуп 10 команда катышты.