БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө ишемби күнү маал-маалы менен жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Эртең менен суу 23 градуска чейин жылуу болгон. Абанын температурасы +27 градуска чейин ысыйт, түндө +13…+18 градус болот.
2-августта маал-маалы менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы дем алыш күндөрү олуттуу деле өзгөрбөйт.