БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Адал индустриясын өнүктүрүү борборунда байкоочу органдын ролун аткарган шарият кеңеши түзүлө турганын аталган борбордон билдиришти.
Борбордун директору Мыктыбек Арстанбектин айтымында, шарият кеңеши адал индустриясын өнүктүрүү борборунун маалыматын угуп, анын иш саясатын бекитет.
"Стандарттарды иштеп чыгуу жана тастыктоо боюнча кеңеш берет жана адалга шайкеш келтирүү боюнча шарият чечимин чыгарат", — деп айтылат билдирүүдө.
Кеңешке көрүнүктүү шарият илиминин билермандары кирет. Адал индустриясын өнүктүрүү борбору үч жылдан бери иш алып барып, 100гө жакын ишканага адал сертификаттарын тапшырган.