БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Парламенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген партиялардын саны 20га жеткенин Sputnik агенттигине БШК мүчөсү Канатбек Азиз билдирди.
Ишемби күнү президент Алмазбек Атамбаев парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындаган буйрукка кол коюп, өкмөткө шайлоону сапаттуу өткөрүүнү камсыздоо боюнча тапшырма берди.
БШК мүчөсүнүн айтымында, төмөнкү партиялар арыз берди:
- "Ата Мекен"
- "Өнүгүү-Прогресс"
- "Бир Бол"
- "Ар-Намыс"
- "Бүтүн Кыргызстан Эмгек"
- "Мекен Ынтымагы"
- КСДП
- "Республика Ата-Журт"
- "Партиясыздардын Аалам Партиясы"
- "Эркиндик жана демократия"
- "Замандаш-Современник"
- "Келечек-Будущее"
- "Аруу Эл"
- "Улуу Кыргызстан"
- "Союз"
- "Эгемен Кыргызстан"
- "Жашылдар партиясы"
- Кыргызстан Эл партиясы
- "Асаба" кайра жаралуу партиясы
- "Кыргызстан" партиясы
Канатбек Азиз шайлоого катышуу арыздары 2-августка чейин кабыл алынарын эскертти.