БИШКЕК, 31-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга кол койгонун өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Бул мыйзам жол кырсыгынан улам жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн унаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жаатындагы мамилелерди жөнгө салат. Анын укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.