БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Жеткиликтүү турак-жайдык курулушун тездетүү керектигин вице-премьер-министр Валерий Диль "Шаар – Бишкек шаарынын жандоочу" долбоору боюнча өткөрүлгөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында жеткиликтүү турак-жай курулушу тез арада бүткөрүлүшү керек.
"Шаар ичинде көп кабаттуу турак-жай курууга ресурс дээрлик түгөнгөнүнө байланыштуу курулуш иштери үчүн шаар чекесиндеги бош жерлерге басым жасоо зарыл. Мында үйлөрдүн баасы шаардын ичиндегиге караганда төмөн болот", — деди Диль.
Жыйын жүрүшүндө вице-премьер Чүй облусундагы Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында турак жай куруу тапшырмасы мамлекеттик органдар тарабынан тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын белгиледи.
"Маселенин актуалдуулугуна карабастан, жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдар долбоорду алдыга жылдыруу боюнча эч иш аткарышкан эмес. Турак-жай куруу тездетилиши керек. Он күндөн кийин кабыл алынган чечимдердин аткарылышы боюнча отчет берилиши керек", — деди аткаминер.
Диль долбоордун ишке ашуусун үзгүлтүккө учуратып, тийиштүү тапшырмаларды аткарбаган органдарга кызмат ордуларына байланышкан кескин чаралар көрүлө турганын кошумчалады.