БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Ысык-Көл районунун Григорьев айылында Чоң-Ак-Суу суусуна түшүп кеткен 53 жаштагы Казакбай Асанкожоевди издөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирет.
Маалыматка ылайык, жаран 23-июлда агып кеткен.
Издөө иштерине министрликтин №31 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылган, бирок Асанкожоев табылган эмес.
Учурда алты куткаруучу издөө иштерин улантууда.