"Ак кеме" 40ка чыкты – камера артындагы белгисиз кадрлар

Жазылуу
Мындан туура 40 жыл мурда, 1975-жылы "Кыргызфильм" студиясынын тасма тартуучу тобу "Ак кеме" киносун тартуу үчүн Ысык-Көлдүн Чоң-Жаргылчак капчыгайындагы токой коругуна келген. Бул шедевр картинадагы трагедияга сугарылган ар бир образ кыргыз эле эмес, чет элдик бир топ кино сүйөрмандарын таасирленткен.

Sputnik агенттиги сүрөтчү Александр Федоров тарабынан тартылган уникалдуу кадрларды тартуулайт.

Экс-президент Роза Отунбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Отунбаева Баткенде балдар жана чек арачылар менен биргеликте Океевдин тасмаларын көрөт
Тасманы режиссер Болот Шамшиев коюп, сценарийин повесттин автору Чыңгыз Айтматов менен биргеликте жазышкан. 1976-жылы Фрунзе шаарында өткөн IX Бүткүл союздук кинофестивалда баш байгеге ээ болгон тасманын оператору Манас Мусаев болгон. Фильмдин үч негиздөөчүсүнө 1977-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Баланын ролун Нургазы Сыдыгалиев, Момунду Асанкул Куттубаев ойногон. Зөөкүр Орозкулдун образын Орозбек Кутманалиев жаратса, Карыз таенени Сабира Күмүшалиева, Гүлжамал сулууну Айтурган Темирова, шаман кемпирди Даркүл Күйүкова ойногон.

Тасмадагы окуя Ысык-Көлдө тоо арасындагы токой чарбасында өтөт. Өзү курлуу теңтуштары жок, атасын өмүр бою сагынган жети жашар бала чоңдордун арасында өсүп, өзү менен өзү ойноого аргасыз. Таятасы Момун айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашап келет.

Бирок, кадимки турмушта баары ал ойлогондой таза, жөнөкөй эмес. Чоңдор зөөкүр Орозкулдун кыял-жоругуна унчукпай чыдап келишет. Баланын гана аруу жүрөгү таарынычка толуп, акыйкатсыздыкка таптакыр макул боло албайт. Акыры Момун чал үйрөтүп, ымыркай кезинен жан дүйнөсүнө сиңирип келген дүйнөдөн арыла албай, бул жашоонун адилетсиздигин көтөрө албай, балык болуп сүзүп кетти…

© Александр ФедоровТасманын алгачкы дубли жарабай калган – шампандын бөтөлкөсү кинокамеранын кабелине зыян келтирген.
Тасманын алгачкы дубли жарабай калган – шампандын бөтөлкөсү кинокамеранын кабелине зыян келтирген. - Sputnik Кыргызстан
1/16
Тасманын алгачкы дубли жарабай калган – шампандын бөтөлкөсү кинокамеранын кабелине зыян келтирген.
© Александр ФедоровКырсык тооруп, актер-бугу өлүп калат. Бирок, киночулардан амал качып кутулбаптыр. Эпизоддордо суунун үстүндөгү баш жансыз бугунуку болсо, дене москвалык суучулга таандык экен.
Кырсык тооруп, актер-бугу өлүп калат. Бирок, киночулардан амал качып кутулбаптыр. Эпизоддордо суунун үстүндөгү баш жансыз бугунуку болсо, дене москвалык суучулга таандык экен. - Sputnik Кыргызстан
2/16
Кырсык тооруп, актер-бугу өлүп калат. Бирок, киночулардан амал качып кутулбаптыр. Эпизоддордо суунун үстүндөгү баш жансыз бугунуку болсо, дене москвалык суучулга таандык экен.
© Александр ФедоровКино тартуу учурунда боек пайдаланууга тыюу салынгандыктан, авторлор ак суудан аккан канды берүү үчүн сүт менен кадимки канды пайдаланышкан.
Кино тартуу учурунда боек пайдаланууга тыюу салынгандыктан, авторлор ак суудан аккан канды берүү үчүн сүт менен кадимки канды пайдаланышкан. - Sputnik Кыргызстан
3/16
Кино тартуу учурунда боек пайдаланууга тыюу салынгандыктан, авторлор ак суудан аккан канды берүү үчүн сүт менен кадимки канды пайдаланышкан.
© Фото / Александр Федоров17 жаштагы Айтурган Темирова Индия ырларын кубулжутуп созгон Гүлжамал сулуунун ролунда.
17 жаштагы Айтурган Темирова Индия ырларын кубулжутуп созгон Гүлжамал сулуунун ролунда. - Sputnik Кыргызстан
4/16
17 жаштагы Айтурган Темирова Индия ырларын кубулжутуп созгон Гүлжамал сулуунун ролунда.
© Александр ФедоровКатаал тоолуу шартта дагы Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тартууга жетишкен.
Катаал тоолуу шартта дагы Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тартууга жетишкен. - Sputnik Кыргызстан
5/16
Катаал тоолуу шартта дагы Манас Мусаев колго жасалган конструкциялар менен панорамалык обзорду чеберчилик менен тартууга жетишкен.
© Александр ФедоровМомун чалдын ролундагы Асанкул Куттубаев Болот Шамшиев менен кезектеги эпизодду даярдап жатышат.
Момун чалдын ролундагы Асанкул Куттубаев Болот Шамшиев менен кезектеги эпизодду даярдап жатышат. - Sputnik Кыргызстан
6/16
Момун чалдын ролундагы Асанкул Куттубаев Болот Шамшиев менен кезектеги эпизодду даярдап жатышат.
© Фото / Александр ФедоровЭх-хх, таене, таене... СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева Карыз таененин образын жараткан.
Эх-хх, таене, таене... СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева Карыз таененин образын жараткан. - Sputnik Кыргызстан
7/16
Эх-хх, таене, таене... СССРдин эл артисти Сабира Күмүшалиева Карыз таененин образын жараткан.
© Фото / Александр ФедоровБаланын ролу Нургазы Сыдыгалиев үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал "Птицы наших надежд" тасмасында Тимурдун ролун ойнойт.
Баланын ролу Нургазы Сыдыгалиев үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал Птицы наших надежд тасмасында Тимурдун ролун ойнойт. - Sputnik Кыргызстан
8/16
Баланын ролу Нургазы Сыдыгалиев үчүн дебюттук роль эле, бир жылдан кийин ал "Птицы наших надежд" тасмасында Тимурдун ролун ойнойт.
© Александр ФедоровОшондогу Асанкул Куттубаевдин мындай образын азыркынын актерлору жарата алары күмөн. Алар кооптуу жерлерде да каскадерлордун кызматын пайдаланбаганга аракет кылышкан.
Ошондогу Асанкул Куттубаевдин мындай образын азыркынын актерлору жарата алары күмөн. Алар кооптуу жерлерде да каскадерлордун кызматын пайдаланбаганга аракет кылышкан. - Sputnik Кыргызстан
9/16
Ошондогу Асанкул Куттубаевдин мындай образын азыркынын актерлору жарата алары күмөн. Алар кооптуу жерлерде да каскадерлордун кызматын пайдаланбаганга аракет кылышкан.
© Фото / Александр ФедоровЗөөкүр Орозкулдун бугунун башын аесуз чаап жатканы – дене-бойду дүркүрөткөн көрүнүштөрдүн бири.
Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аесуз чаап жатканы – дене-бойду дүркүрөткөн  көрүнүштөрдүн бири. - Sputnik Кыргызстан
10/16
Зөөкүр Орозкулдун бугунун башын аесуз чаап жатканы – дене-бойду дүркүрөткөн көрүнүштөрдүн бири.
© Александр ФедоровМас адамдардын окуясын реалдуу чагылдырып, образга кириш үчүн кээде кадимки эле арак колдонулган.
Мас адамдардын окуясын реалдуу чагылдырып, образга кириш үчүн кээде кадимки эле арак колдонулган. - Sputnik Кыргызстан
11/16
Мас адамдардын окуясын реалдуу чагылдырып, образга кириш үчүн кээде кадимки эле арак колдонулган.
© Александр ФедоровБолот Шамшиев кийинки окуянын чоо-жайын түшүндүрүп жатат.
Болот Шамшиев кийинки окуянын чоо-жайын түшүндүрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
12/16
Болот Шамшиев кийинки окуянын чоо-жайын түшүндүрүп жатат.
© Александр ФедоровРежиссер Болот Шамшиевдин тасманы жарык дүйнөгө жараткан сыйкырдуу "мотор!" деген буйругу.
Режиссер Болот Шамшиевдин тасманы жарык дүйнөгө жараткан сыйкырдуу  мотор! деген буйругу. - Sputnik Кыргызстан
13/16
Режиссер Болот Шамшиевдин тасманы жарык дүйнөгө жараткан сыйкырдуу "мотор!" деген буйругу.
© Александр ФедоровАйтурган Темированын эпизодун репетициядан өткөрүү.
Айтурган Темированын эпизодун репетициядан өткөрүү. - Sputnik Кыргызстан
14/16
Айтурган Темированын эпизодун репетициядан өткөрүү.
© Александр ФедоровШаман аялдын образын жараткан Даркүл Күйүкова тасманын согуштук эпизодунда.
Шаман аялдын образын жараткан Даркүл Күйүкова тасманын согуштук эпизодунда. - Sputnik Кыргызстан
15/16
Шаман аялдын образын жараткан Даркүл Күйүкова тасманын согуштук эпизодунда.
© Александр ФедоровБугу эненин бешиктеги баланы сактап калышы. Үңүлө келгенде, бул фрагменттин камера артындагы түйшүгү арбын болгон.
Бугу эненин бешиктеги баланы сактап калышы. Үңүлө келгенде, бул фрагменттин камера артындагы түйшүгү арбын болгон. - Sputnik Кыргызстан
16/16
Бугу эненин бешиктеги баланы сактап калышы. Үңүлө келгенде, бул фрагменттин камера артындагы түйшүгү арбын болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0