https://sputnik.kg/20150724/1016922957.html
Кыргызстан менен Белоруссиянын мамилеси бекемделет
Кыргызстан менен Белоруссиянын мамилеси бекемделет
Sputnik Кыргызстан
Элчи Өмүралиев Белоруссия парламентинин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамды ыкчам... 24.07.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-07-24T08:52+0600
2015-07-24T08:52+0600
2021-12-15T21:44+0600
https://sputnik.kg/img/101692/52/1016925297_0:0:0:0_1920x0_80_0_0_ed881aee853356903cf2aaf5a2c62ef2.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, евразиялык экономикалык биримдик, кыргызстан
жаңылыктар, евразиялык экономикалык биримдик, кыргызстан
Кыргызстан менен Белоруссиянын мамилеси бекемделет
08:52 24.07.2015 (Жаңыртылды: 21:44 15.12.2021) Элчи Өмүралиев Белоруссия парламентинин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамды ыкчам колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
БИШКЕК, 24-июль — Sputnik. Кыргызстандын Белоруссиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев Белоруссиянын Улуттук жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы ВладимирАндрейченко менен жолукканын Тышкы иштер министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Белоруссиянын ар тараптуу кызматташуусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Андрейченко өз сөзүндө Белоруссия Кыргызстан менен ЕАЭБ алкагында кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин белгилеп өттү.
Элчи Өмүралиев Белоруссия парламентинин Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамды ыкчам колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
Сүйлөшүү учурунда парламенттер аралык диалогду, эл аралык уюм алкагында өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды.