Вице-премьер Ниязалиева: туристтик сезонго даярдык начар

Жазылуу
Эс алуучу мекемелердин аймагында суу, канализация, тийиштүү санитардык-гигиеналык шарты болбогон тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу зарылдыгын Ниязалиева белгиленди.

БИШКЕК, 16-июль — Sputnik. Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева туристтик сезонго даярдык көрүү боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип чыкканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстан — туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди
Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында вице-премьер Саламаттык сактоо министрлигинин, Экологиялык техникалык инспекция өкүлдөрү жана Ысык-Көл районунун аким орун басары менен жыйын өткөрдү.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу маалымат беришти. 

Ниязалиева курорттук жана ден соолукту чыңдоо мекемелерин паспортизациялоо иш-чарасы начар өтүп жатканын белгилеп, пансионаттарды санитардык-эпидемиологиялык абалын текшерип чыгууну буюрду. 

Мындан тышкары, эс алуучу мекемелердин аймагында суу, канализация, тийиштүү санитардык-гигиеналык шарты болбогон тамактануучу жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу зарылдыгын белгиленди.

"Бул иш-чаралар 15-июнга чейин эле аякташы керек болчу. Тилекке каршы, ушул убакытка чейин жыйынтыктуу, так маалымат берилген жок", — деди чиновник.

Жыйын жүрүшүндө комиссия жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте "Акун", "Алтын Көл", "Рохат" пансионаттарынын 100 метр аралыктагы тосмолордун алынышына байланыштуу чырды териштирери белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0