БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Аравия королдугунун элчиси Абдурахман бин Саид Аль-Жуманы кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу талкууланды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө оң баасын берген Жээнбеков эки жактуу алакалардын бекемделишин шарттаган президент Алмазбек Атамбаевдин 2014-жылдын декабрындагы Сауд Аравияга болгон расмий иш сапарын белгиледи.
"Мындай диалогдун ийгиликтүү улантылышы үчүн биз сиздер менен болгон ишибизди жандандырышыбыз зарыл. Биздин бирдиктүү ишмердүүлүгүбүздүн натыйжалуулугунун критерийи реалдуу жетишкендиктер болушу абзел",— деди Жээнбеков.
Элчи Абдурахман бин Саид Аль-Жума Сауд Аравиянын Кыргызстан менен мындан ары дагы активдүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, Кыргызстан парламентинин бир катар маанилүү макулдашууларды ратификациялагандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.
"Булар Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы түз аба каттамын түзүү жөнүндө келишимдер, эки өлкө ортосундагы кызматташуу жөнүндө башкы макулдашуулар", — деди элчи.
Жээнбеков Сауд Аравиясынын КРдеги элчиси Бишкекте Кыргызстан – Сауд Аравия маданий борборун түзүү боюнча сунушту ишке ашыруу зарылдыгын билдирип, буга төраганын көмөктөшүүсүнө үмүт артаарын белгиледи.