БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Хонда-Фит унаасынын 22 жаштагы айдоочусу коюп кеткен белгисиз адам тез жардам келгичекти алган жаракаттарынан каза болгонун ИИМ маалымат кызматы билдирет.
Кырсык 9-июлда түнкү саат 01.00дө Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсү менен Эркиндик проспектинин кесилишинде болгон. Жол кайгуул кызматы өлгөн адамдын жанында эч документи жок болгондуктан, анын ким экенин тактай алган эмес.
Маалыматтарга ылайык, жабыркоочу 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адам.
Милиция кызматкерлери айдоочуну текшерип, анын соо экенин аныкташкан. Материалдар Бишкек ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди.