БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Кармоо учурунда УКМКнын кызматкерлерине ок чыгарган казакстандык жарандар колго түшүрүлгөнүн Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Sputnik маалымат сайтына билдирди.
Буга чейин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы “Сирена” операцияны жарыя кылып, курчоого алынган Токтогул-Исанов көчөлөрүндө "белгисиз кылмышкерлерди издеп жатканын" билдирген.
Маалыматка ылайык, 25-июнь күнү күндүзгү саат төрт жарымдарда Киев жана Исанов көчөлөрүнүн аймагында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда, Казакстанда издөө салынган эки кишинин кайда экендиги болжолдуу аныкталган. Алар 1991-жылы жана 1988-жылы туулган казакстандык жарандар болчу.
Укук коргоо органдарынын маалыматында, 2014-жылы бир нече беренелер боюнча — документтерди жасоо жана чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген күнөө менен Биринчи Май райондук соту тарабынан жоопко тартылган. Бирок экөө тең камалган жерден качып кеткен.
Куралчандарды кармоо учурунда алардын бири ок атып, экинчиси колундагы гранатаны жардырып жиберерин айтып, окуя болгон жерден качканга аракет кылган. Кармалган экөө тең учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайына камалды.