БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Баткен районуна караштуу Кара-Булак айылынын четинде кой кайтарып жүргөн 19 жашар Икрамидин уулу Дастанга чагылган тийип каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, каргаша шейшемби күнү кечки саат алтылар чамасында болгон.