БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Жер кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, мамлекеттик айыл чарба жер фондунан үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларды илимий изилдөөгө алуу, тажрыйбалык-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү үчүн айыл чарба жерлерин кооперативдерге 20 жылга чейинки мөөнөткө берүү каралган.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 20-майында кабыл алынган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.