РФке карата санкцияларды узартуу жөнүндө ЕБдин чечими 23-июнда күчүнө кирет

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРоссия жана Евро Биримдиктин желеги. Архив
Россия жана Евро Биримдиктин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга каршы экономикалык санкцияларды узартуу чечими ЕБ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары тарабынан дүйшөмбүдө кабыл алынган. Чектөө чаралары 2016-жылдын 31-январына чейин күчүндө болот.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. ЕБдин Россияга каршы экономикалык санкцияларын узартуу чечими жөнүндө ЕБ кеңешинин токтому 23-июнда ЕБдин расмий журналына жарыялангандан тартып күчүнө кире турганын РИА Новости ЕБ кеңешинин маалымат кызматына таянуу менен билдирет.

Евразиянын куруучулары Батышты четке ташташты — Скидельски Россия менен Кытай жөнүндө
Европа биримдигин РФке каршы секторлор боюнча чектөө чаралары жөнүндө чечимин колдоо менен ЕБ өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары дүйшөмбүдө Россияга каршы экономикалык санкцияларды 2016-жылдын 31-январына чейин узартты.

ЕБга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү аталган чечимди 17-июндагы отурумунда макулдаштырып, маселе ТИМ башчыларынын бекитүүсүнө алынып чыккан. Дүйшөмбүдө министрлер Люксембургда өткөн отурумунда секторлор боюнча чараларды узартуу жөнүндө чечимди жактырышты. Ал отурумда кошумча талкуусуз кабыл алынуучу "А" пунктуна киргизилген. 

Россиялык саясатчыларга, ишкерлерге жана компанияларга каршы санкциялар кантип киргизилген

Европа биримдиги 2014-жылдын 1-августунда РФке каршы экономикалык санкцияларды киргизип, алар ошол эле жылы сентябрда дагы кеңейтилген. ЕБден РФке куралдарды, кош багытта пайдалана турган товарлар менен технологияларды импорттоо боюнча жаңы келишимдерге эмбарго киргизилген.

Санкцияга Россиянын мамлекеттик банктары жана мунайзат тармагы туш болгон. Европалык инвесторлорго Россиянын беш ири каржы институту: Сактык банкына, Тышкы соода банкына, Газ өнөр жай банкана, Айыл чарба банкына жана Тышкы экономбанкына 30 күндөн ашык мөөнөткө жаңы насыяларды берүүгө, ошондой эле алардын жана 30 күндөн ашык жүгүртүүгө чыккан жаңы акциялары менен бонддорун сатып алууга тыюу салынган.

АКШ жана Евроборборунун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Энергетика, каржы жана коргоо – АКШ менен ЕБдин жаңы санкциялары
Санкциялардын алкагында "Роснефть", "Транснефть" жана "Газпромнефть" сыяктуу россиялык компаниялар үчүн ЕБ капиталын пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелген. Андан тышкары, суу астындагы чалгындоо жана мунайзат өндүрүү, Арктикада жана РФтин тоо-тектеринен алынуучу мунайзат чыккан жерлерине жабдууларды сатууга жана кызмат көрсөтүүгө тыюу салынган. ЕБ РФтин коргонуу секторуна карата да санкцияларды киргизип, тогуз россиялык компанияларга кош багытта пайдаланыла турган товарларды сатууга өз аймагындагы компанияларга тыюу салган. 

Батыш өлкөлөрү Украинадагы кырдаал боюнча Россиянын көз караштарына байланыштуу 2014-жылдын мартынан баштап бир нече жолу санкцияларды киргизген. Мындай иш-чара акыркы жолу 2015-жылдын март айында АКШ санкциялык тизмени кеңейткенде көрүлгөн. Андан тышкары, Баварияда өткөн "Чоң жетиликтин" саммитинин жыйынытыгы боюнча Россияга каршы санкцияларды узартуу чечими кабыл алынган. Андан тышкары, АКШ жаңыларын киргизүү мүмкүндүгүн кароодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0