БИШКЕК, 22–июнь — Sputnik. Айыл чарба жерлерине спорт комплекстерин курууга уруксат берилгенин президенттин маалымат кызматы белдирет.
Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Сугат жерлерин жердин жана чарбанын башка түрүнө өткөрүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" мыйзамына кол койду.
Мыйзамга ылайык, сугат жерлерде дене тарбия жана ден соолук чыңдоочу комплекстерди куруу жана башка маанилүү иштерди жүргүзүүгө уруксат берилет.
Мыйзам расмий жарыяланган соң 10 күндөн кийин күчүнө кирет.