БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 18-20-июнь күндөрү Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Атамбаевдин Петербург шаарында өтө турган эл аралык экономикалык форумга катышат.
Иш сапардын алкагында президент Алмазбек Атамбаевдин Россиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылууда.