БИШКЕК, 17-июнь — Sputnik. Текшерүү учурунда ар бир бешинчи кальянда коркунучтуу микроб бар экенин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева билдирди.
Ниязалиева учурда чылым чегүүдөн уулангандар көбөйүп жатканын, алардын курамында жүрөк, боор, бөйрөк жана нерв системасын жабыркатуучу химиялык уулуу заттардын бар экенин белгиледи. Анын айтымында, кальян сунушталган 214 көңүл ачуучу жай текшерилип, ар бешинчи кальянда коркунучтуу микробдор бар экени аныкталган.
"Ушу кезге чейин чылым чегүүгө жана кальян пайдаланууга тыюу салган укук-ченемдик актылар жок", — деди вице-премьер.
Ниязалиева бүгүнкү күнгө чейин чылым чегүүгө байланыштуу түзүлгөн укуктук-ченемдик база ишкердикти колдоого багытталганын кошумчалап, бул бизнести өнүктүргөнү менен коопсуздук маселесине, өзгөчө калк саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканын белгиледи.