БИШКЕК, 17-июнь – Sputnik. Кыргызстанда орозо эртең, 18-июнда башталат. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максат ажы Токтомушев билдирди.
Муфтий Шаабан айынын 29-түнүндө ай чыкпаса ал 30 күн менен бүтөрүн айтты.
"Орозо 18-июнда башталып, божол менен 16-июлда аяктайт. Бул күндөр Сауд Аравиясынын алынган маалыматтар менен да тастыкталды", — деди муфтий Токтомушев.
Буга чейин Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынан орозонун башталыш күнүн Аалымдар кеңеши менен биргеликте муфтият айдын чыгышына карап белгилерин айтышкан.
2015-жылдын орозо календары
2015-жылдын орозо календары