БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Ысык-Ата суусуна чөгүп кетти делинген 52 жаштагы аял тоодон аман-эсен табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Министрликтен маалымдашкандай,Ысык-Ата районунун Эпкин айылынын 52 жашар тургуну Адырбекованы Ысык-Ата суусуна чөгүп кетиши мүмкүн деген шек менен туугандары 14-июнда ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнө кайрылышкан.
Дүйшөмбү күнү, 15-июнда издөө иштерин ӨКМдин Токмок шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары, туугандары жана айыл тургундары жүргүзүшкөн.
Кечки саат 9:20 чамасында Ысык-Ата курортунан 2-3 чакырым алыстыкта турган ээсиз сарайдын жанынан ал аялды жергиликтүү тургундар аор абалда таап алышкан. Аны туугандары Кант шаардык ооруканасына жеткиришкен.