БИШКЕК, 13-июнь — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСинде жүрүп жаткан иштер жана Камбар-Ата – 2 ГЭСинин дамбасынын абалы менен тааныша турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Жумушчу сапар учурунда ал Токтогул ГЭСинде жүргүзүлүп жаткан иштер жана суунун деңгээли менен таанышат. Андан сырткары, энергокомпаниялардын жетекчилери менен жолугат.
Ал ошондой эле Камбар-Ата – 2 ГЭСинин дамбасынын абалы менен да таанышат.