Өлкөнүн түштүгүндө калк отурукташкан төрт жерге айыл статусу ыйгарылды

© Фото / cercamonОш шаарына Сулайман Тоодон көрүнүш. Архив
Ош шаарына Сулайман Тоодон көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам ички миграциянын өсүшүн токтотууга жана мамлекеттин административдик-аймактык түзүлүшүн иретке келтирүүгө багытталган.

БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ош жана Жалал-Абад облустарындагы  калк туруктуу отурукташкан төрт жерге айыл статусун ыйгарган мыйзамга кол койду деп билдирет өлкө башчынын маалымат кызматы.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 6-майында кабыл алынган.

"Мыйзамдын негизги максаты – калк жашаган чакан аймактарда ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Ал ички миграциянын өсүшүн токтотууга жана мамлекеттин административдик-аймактык түзүлүшүн иретке келтирүүгө багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Айыл статусуна ээ болгон калктуу пункттар:

  • Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Төрөгелди Балтагулов айыл аймагынын Кажар аттуу калк отурукташкан жери;
  • Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мавлянов айыл аймагынын Таш-Жар жана Жаңгак аттуу калк отурукташкан жерлери;
  • Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык аттуу кал отурукташкан жери.

Мыйзам расмий жарыялангандан кийин он күн аралыгында күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0