БИШКЕК, 10 июнь — Sputnik. Токмок шаарынын мэри Анвар Оморканов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын шаар башчынын жардамчысы Марат Абдраев билдирди.
Анын айтымында, арыз жазуунун себептери азырынча белгисиз. Болгону ал өз ыктыяры менен жазылганы маалым.
Мэрдин арызы шаардык кеңештин кезексиз жыйынында каралат. Кабыл алынса, ага премьер-министр кол коюшу керек.
Токмок – Бишкектен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Чүй облусундагы ири шаар.