БИШКЕК, 4-июнь — Sputnik. Кыргызстандын борборунда бейшемби күнү эртең менен бир чакырымга созулган автотыгын катталганын шаардыктар билдиришти.
Тыгын "Чыгыш-5" кичи районунун аймагындагы Шабдан баатыр көчөсүндө пайда болгон.
Бишкек ШИИБ Жол-кайгуул кызматы айтылгандарды тастыктады.
"Автотыгындын болушуна айдоочулар күнөөлүү – айрымдары жолдун карама-каршысына чыгып алса, кээси жол эрежелерин бузушкан", — дейт Бишкек ШИИБ Жол кайгуул кызматынын өкүлү Атыр Бекмурзаева.
Учурда Жол кайгуул кызматы трассадагы абалды жөнгө салууда.
