— Айтсаңыз, "Курманжан Датка" тарыхый эпопеясын албаганда, кызыгып, акыркы жолу жергиликтүү кайсы кинотасманы көрдүңүз?
— Чынын айтайын, өзүмдүн тарбиялап, окутуп жаткан шакирттеримдин эмгектеринен сырткары, жактырып көргөн тасма болгон жок.
— Кыргызстанда акыркы жылдары ар кыл сапаттагы, деңгээлдеги кинотасмалар арбын тартылууда, мындай тенденцияга сиздин пикириңиз?
— Азыр таш ыргытсаң эле мен режиссермун дегендин башына тиет, алгач, бул түшүнүктү аныктап алсак. Бул кесип эмес, акын, сүрөтчү кандай болсо, режиссер да ошондой. Мен шакирттеримди режиссуранын майда-чүйдөсүнө чейин окутам, бирок, талантка, фантазияга үйрөтө албайм, эгерде дээринде болсо аны андан ары алып кетет. Ал эми камера болгону таланттуу адамдардын куралы. Чыныгы кинотасма тартыш үчүн талант, ары жакта дарамет болушу керек.
— Анда азыр сөз кыла турган кинолорду жаратып жаткандар кимдер?
— Союз тарады, баары чачырады, кино идеологиялык курал катары баалуулугун жоготту. Киночулар ошондон тарта кандай кылсак деп жол издей баштады. Союз урагандан кийин мен, Актан, (Актан Арым Кубат – ред.), Абдыжапар (Абдыжапар Эгембердиев – ред.) кыргыз киносуна келип, кыргыз улуттук эгемендик киносун биз түптөдүк десем жаңылбайм. Тарткан эмгектерибиз көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышты. Себеби, бизге мурдагыдай багытты чектеген тыюу жок болду. Реалдуулуктан алып, өз стилибиз менен коомго болгон протестти ар кимибиз өзүбүзчө тарттык. Ошол учурда биздин тасмаларды кыргызкиноөнөрүнүн неорелизми деп атай баштаган. Калыпка түшпөгөн жанрдан, мурда келе жаткан салттуу киностилден чыгып кеттик. Абдан көп сындар айтылып, мурдагы муундар "орто жолдон чыккан выскочкалар" деп да атай башташкан. Бизди тааныгылары келген жок. Бирок, тасмалар тартыла берди. Ошентип, жаңы кыргыз киносунун сапары башталды, биз кинону искусство катары көрүп эмгектендик.
— Бизде тартылган фильмдерди сиздин пикирде кандай классификацияласак болот?
— Учурда биздеги кинодо — товар жана искусство деген түшүнүк турат. Биринчиси, адамдардын жан дүйнөсү үчүн жаратылган картиналар, бул — чыныгы искусство. Экинчиси, товар катары тартылгандар — коммерциялык максаттагы жеңил-желпи тасмалар, "бирөө экинчисин сүйүп калды, үчүнчүсү келди" деген жөн гана сюжеттер менен коштолот. Муну эффект, техникалык нерселер менен жасай берсе болот. Үчүнчүсү — коомду кино менен жакшыртуу деген бир агым келе жатат. Аны көбөйтүп жаткандардын ичинде мен да бармын. Максат – киного кызыгып картина жаратам деген балдарды адамдык баалуулуктарды алып чыгууга, жакшы багыттарга жетелеп, коомду тазалай турган тасмаларды тартууга тарбиялоо. Коом азыр моралдык жактан катуу бузулууда. Каякка баратабыз деген мыйзам ченемдүү суроо түйшөлтөт. Муну үчүнчү багыттагы, коомчулукка айтып, тазартууга аракет кылган фильмдер алып барып жатат.
— Ошол товар деген фильмдердин коомчулуктун табитин тарбиялоодо таасири кандай?
Жок деп айтпайм, ошол жеңил кинолордун арасында бирин-экин жакшы чыгып калгандары бар, бирок, тилекке каршы, профессионализм жетишпей турат.
— Бул суроо далай эле берилген, ошентсе да сиздин пикириңизди уксак, "Кыргыз керемети" деп жүрөбүз, ошол бийиктикке чыга алабызбы?
— Ал керемет кайталанып жатат деп айтар элем. Кыргыз керемети бизде азыр да жаралып жатат. Албетте, салыштырсак, картина башкачараак. Союз учурунда режиссерлор биригип, "Кыргызфильмде" жылына төрттөн тасма тартылчу экен, азыр бирден тартылып жатат. Бул мамлекет тарабынан дегеним.
Кыргыз киносунда акыркы ирет Садык Шер-Нияз чоң жылыш жасап, "Курманжан Датка" тасмасы менен жаштарга жакшы стимул берди. Азыркы бизде эч кандай материалдык кызыкчылыкты көздөбөй, колунда акчасы жок туруп, документалдуу тасмаларды тарткан жаштар да бар. Буюрса, баары жакшы болот деп ойлойм.
P.S. Нолливудда айына 200гө жакын видеофильм тартылат. Нигериядагы кинематография 1990-2000-жылдары катуу өнүгө баштаган.