00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абдыжапаров: жакшы кино элди митинг-пикеттерден алаксытат

© Sputnik / Табылды КадырбековРежиссер Эрнест Абдыжапаров. Архив
Режиссер Эрнест Абдыжапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Курманжан датка" тасмасынын ийгилигинен соң өкмөт кыргыздын аскер ишмери Шабдан баатыр жөнүндө тарыхый тасма жаратууну чечти. Ал прокатка 2016-жылдын аягында чыгышы керек.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Режиссер Эрнест Абдыжапаров өкмөттүн "Курманжан даткадан" кийинки ири тапшырыгы болгон "Шабдан баатыр" аттуу көркөм тасманы тартууга киришти 

Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада апрелдин ортосунда Шабдан баатырга арналган конференция өтөт
"Курманжан датка" фильминин бюджети 70 миллион сомду түзгөн. Тасма көп сандагы кино сыйлыктарга татып, алардын ичинде Тибурон шаарында (Калифорния штаты, АКШ) өткөн Эл аралык кинофетивальдын "Мыкты фильм" жана "Мыкты оператордук иш" деп аталган эки башкы сыйлыгын утуп алган болчу. 

"Шабдан баатыр" тасмасынын режиссерлугуна "Уурунун махабаты", "Кукушкинолук Шахрезада" ж.б. белгилүү тасмаларды жараткан Эрнест Абдыжапаров тандап алынды.  "Шабдан баатыр" Кыргызстандын кинотеатрларына прокатка келерки жылдын аягында чыгышы керек. 

Режиссёр Sputnik маалымат сайтынын кабарчысы менен маегинде чыгарманы жаратуучулар тасма жарыкка чыккандан кийин өлкөдөгү агрессивдүү маанайдын жумшартат деген ишенимде тургандыгын айтты.

"Байкадыңарбы? Өткөн жылы "Курманжан датка" көрүүчүлөргө тартуулангандан кийин Кыргызстанда пикет, митинг жана саясий кармаштар азайды. "Түндүк-түштүк" оорусу дээрлик жоюлгандай. Кыргыз элинин руханий биримдиги пайда болду. Эмки долбоор — "Шабдан баатыр", — дейт Абдыжапаров.

Журналисттин аталган долбоорду "Оскар" сыйлыгын алууга №2 аракет деп атоого болобу деген суроосуна кинорежиссер курулай эле ал максатты көздөбөй турганын айтты. Башкы милдет, анын айтымында, — мамлекетти сактап калуу үчүн өлкөнүн жарандары кандайча баш кошуулары керектигин баатырдын мисалында көрсөтүү.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Шабдан Баатыр" тарыхый көркөм тасмасын тартууга даярдыктар башталды
"Курманжан датка" кино тасмасы Голливуд актрисасы Шерон Стоун жок дегенде 2015-жылы "Оскар" сыйлыгына номинанттардын тизмесине кошулат деп алдын ала болжогонуна карабай, андай болгон жок. 

Абдыжапаровдун маалыматы боюнча, тасманы тартууга өкмөт бардыгы болуп 80 миллион сом сарптоону карап жатат. Анын 10 миллиону бөлүп берилди. 

Азыр тасмадагы ролдорго, анын ичинде башкы каармандардын ролуна актерлорду тандоо жүрүп жатканын белгиледи. Дагы бир нече ай жүрө турган кастингге бардык каалоочулар катыша алат. Ошондой эле режиссер тасмага Россиядан, Казакстандан жана Өзбекстандан да актерлор тартылышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Кыргыздын мамлекеттик жана аскер ишмери, элге Шабдан баатыр ат менен таанылган Жантай уулу Шабдан 1839 – 1912-жылдары жашап өткөн. Токтом уездинин башчысы болуп дайындалган орус офицери Загряжскийди Кашкардын аскерлеринен коргон калгандыгы үчүн алтын медаль жана II даражадагы Ардактуу халат менен сыйланган. Дал ушул Шабдан баатырды ортомчулугу аркасында орус бийлиги менен Алай ханышасы Курманжан датка элдешкен деп айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0