БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы жана Швеция, Дания, Норвегия падышалыгындагы элчиси Болот Отунбаев өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.
Болот Отунбаев Германияда элчи болуп 2012-жылдын февралында дайындалган. Ал эми күзүндө калган мамлекеттерде – Швеция, Дания, Норвегияда элчилик кызматты кошо аркалай баштаган.