Жер көчкүдөн жапа тарткандарга өкмөт 440 миң сом бөлдү

© Фото / МЧС КРСузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү. Архив
Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бөлүнгөн каражат вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги алдындагы штаб аркылуу таратылат.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кыр-Жол айылында жер көчкүдөн жапа тарткандарга 440 миң сом бөлүү боюнча буйрукка кол койду.

Буйрукка ылайык, акчалай жардам өкмөттүн резервдик фондунан бөлүндү.

"Жаратылыш кырсыгынан каза болгон алты кишинин үй-бүлөсүнө элүү миң сомдон бөлүндү. Ал эми оор жаракат алган беш кишиге 20 миңден, жеңил жаракат алган төрт кишиге 10 миң сомдон бөлүнөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүнгөн каражат вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин жетекчилиги алдындагы штаб аркылуу таратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0