БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Окуучулар бараткан автоунаа Бишкектен ала салып кеткенин Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-майда окуучу уруксаты жок Toyota Ipsum машинасын алып, достору менен сейилдөөнү чечкен.
Болжол менен саат 03.30дар чамасында ал Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу түштүк тарапты көздөй баратып, №40 үйдүн маңдайынан бурулганда айдоочу рулду башкара албай, машина ала салып кеткен.
Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota машинасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр – сегизинчи класстын окуучулары түрдүү жаракаттар менен №3 Балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилди.
Машина айып төлөөчү жайга токтотулуп, иш Бишкек ИИББдин тергөө башкармалыгына берилди. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.